Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

ГФР Канцлери Ангела Меркель Садыр Жапаровду Президенттин кызматына киришүүсү менен куттуктады

Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык канцлери Ангела Меркель Садыр Жапаровду Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына киришүүсү менен куттуктады.

«Биздин өлкөлөрдү көп жылдан бери эле достук мамилелер байланыштырып келет. Биз ал алакаларды улантууну жана тереңдетүүнү каалайбыз. Германия келечекте да Сиздин өлкөнү колдоого, атап айтканда, экономикалык өнүктүрүү жана укуктук мамлекетти бекемдөөгө багытталган реформалар жаатында колдоого алат. Сизге күч-кубат, ден соолук жана Сиздин алдыңызда турган жооптуу милдеттердин жеңил чечилишин каалайм», — деп айтылат Ангела Меркелдин куттуктоо телеграммасында.

2021-жыл 29-январь