Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Татарстан Президенти Рустам Минниханов Садыр Жапаровду Президенттик кызматка шайланышы менен куттуктады

Татарстан Республикасынын Президенти Рустам Минниханов Садыр Жапаровду Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына шайланышы менен куттуктады.

«Жооптуу кызматыңызга жигердүү жана жемиштүү ишмердүүлүк, Кыргыз мамлекетин бекемдөөгө жана ар тараптан өнүктүрүүгө багытталган бардык иш-аракеттериңизге ийгиликтерди каалайм. Элдин сизге көрсөткөн колдоосу дем берип, алдыга белгиленген бардык максаттарга жетишүү үчүн күч-кубат болсун. Сизге чың ден соолук, оптимизм жана ак жол. Россия-кыргыз мамилелеринин алкагында Татарстан менен Кыргызстандын ортосундагы эки тарапка тең пайдалуу байланыштар кеңейет деп үмүт артам», — деп айтылат Рустам Миннихановдун куттуктоо телеграммасында.

2021-жыл 29-январь