Сауд Аравия Королу Салман бин Абдул Азиз Аль Сауд Садыр Жапаровду Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына киришүүсү менен куттуктады.
«Биздин боордош өлкөлөрдүн өнүгүп жана гүлдөп-өсүшү үчүн эки тараптуу мамилелерди чыңдоого өбөлгө түзө турган бардык алакаларга кызыкдар экенибизди тастыктайбыз», — деп белгиленет куттуктоодо.
Салман бин Абдул Азиз Аль Сауд Садыр Жапаровго бекем ден-соолук, бакыт-таалай, ал эми боордош Кыргызстан элине мындан ары гүлдөп-өсүнүү каалады.