Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президенттин Администрациясынын Кырдаалдык борбору түзүлдү

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Кырдаалдык борбору жөнүндө” Жарлыкка кол койду.
Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ишин маалыматтык-аналитикалык маалыматтар менен камсыз кылуу, башкаруучулук түзүмдөрдү санариптештирүү, ошондой эле аналитикалык маалыматтарды ыкчам даярдоо максатында Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Кырдаалдык борборун түзүүгө токтом кылынат.

2021-жыл 26-октябрь