Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстан элин жана Президент Садыр Жапаровду Орозо айт майрамы менен куттуктады

Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстан элин жана Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду Орозо айт майрамы менен куттуктады.

"Тарыхый достук жана жалпы баалуулуктар менен тыгыз байланышкан Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташуу мамилелери мындан ары да өлкөлөрүбүздүн жалпы өнүгүүсүнүн жыргалчылыгы үчүн ырааттуу өнүгө берерине ишенем. Акыркы жылдарда биздин эң жогорку жана жогорку деңгээлдеги жемиштүү жолугушууларыбыздын алкагында жетишилген бардык макулдашууларды ийгиликтүү ишке ашыруу биздин мамлекеттерибиздин гүлдөп-өнүгүшүнө жана дос элдерибиздин келечеги үчүн дагы жигердүү кызматташууга негиз болуп кызмат кылат", — деп айтылат Шавкат Мирзиёевдин куттуктоо катында.

Өзбекстандын Президенти Президент Садыр Жапаровго чың ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана жооптуу мамлекеттик ишмердигинде чоң ийгиликтерди, ал эми боордош кыргыз элине тынчтык, ар дайым прогресс жана гүлдөп өнүгүү каалады.

2022-жыл 2-май