Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон Кыргызстан элин жана Президент Садыр Жапаровду Орозо айт майрамы менен куттуктады.

Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон Кыргызстан элин жана Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду Орозо айт майрамы менен куттуктады.

«Гуманизм идеяларына толгон бул куттуу майрам жаркын ислам дининин өз ара түшүнүшүү, сабырдуулук, кайрымдуулук, боорукердик, тилектештик жана бири-бирине колдоо көрсөтүү сыяктуу бийик баалуулуктарын камтыйт.

Тарыхый бекем салттарга ээ болгон достук жана өз ара пайдалуу кызматташтык мамилелерди чыңдоо жана кеңейтүү менен биздин өлкөлөр элдерибиздин түпкү таламдарына ылайык биргелешкен жаратмандык күч-аракет менен мындан ары да өнүктүрө берерине ишенем», — деп айтылат Эмомали Рахмондук куттуктоо катында.

Тажикстандын Президенти бүткүл дүйнө мусулмандары үчүн ушул берекелүү күндөрдө бир тууган Кыргызстан элине тынчтык, бейпилдик, бакубатчылык, молчулук жана гүлдөп өнүгүү каалады.

2022-жыл 2-май