Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Бахрейндин Падышасы Хамад бин Иса Аль Халифа Кыргызстан элин жана Президент Садыр Жапаровду Орозо айт майрамы менен куттуктады

Бахрейндин Падышасы Хамад бин Иса Аль Халифа Кыргызстандын элин жана Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду Орозо айт майрамы менен куттуктады.

«Берекелүү Орозо-Айт майрамына карата жагымдуу мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Улуу Мартабалуу, Сизге чын дилибизден чыккан куттуктоолорду жолдоп, бекем ден-соолук жана бакыт каалайм. Жараткандан ушул бактылуу учурда туруп, Сизге жана кыргыз элине өнүгүүнү жана бакубатчылыкты, ошондой эле жалпы мусулман элдерине урмат жана өркүндөөнү сурап кетем», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

2022-жыл 2-май