Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Түркиянын Президенти Режеп Тайип Эрдоган Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттуктады

Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайип Эрдоган Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттуктады.

 “Ынтымак жана биримдик алып келген бул куттуу Орозо айт майрамы бүткүн дүйнөгө ден соолук, тынчтык жана бейпилдик алып келишин тилеймин”, - деп айтылат куттуктоодо.

Режеп Тайип Эрдоган Садыр Жапаровго ден соолук жана бакыт, ал эми дос жана боордош кыргыз элине аманчылык жана бакубатчылык каалады.

2022-жыл 2-май