Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Азербайжандын Президенти Илхам Алиев Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттуктады

Азербайжан Республикасынын Президенти Илхам Алиев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттуктады.

“Сизди жана сиздин атыңызда жалпы кыргыз элин өзүмдүн атымдан жана Азербайжан элинин атынан руханий тазалыктын жана боорукердиктин символу болгон куттуу Рамазан айы менен чын дилимден куттуктайм”, - деп айтылат куттуктоо катында.

Илхам Алиев Садыр Жапаровго чың ден соолук, бакыт-таалай жана ишине ийгиликтерди, ал эми боордош Кыргыз Республикасынын элине тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалады.

2022-жыл 2-май