Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстандын элин жана Президент Садыр Жапаровду Орозо айт майрамы менен куттуктады

 Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстандын элин жана Кыргыз Республикасынын Президенти  Садыр Жапаровду  Орозо айт майрамы менен куттуктады.

«Ислам бакубаттуулукка, ыйманга жана жогорку баалуулуктарга чакырган бул куттуу күндөрү биздин тилектештик жана өнүгүү бекемделсин. Жараткан Аллах биздин ниеттерди жана жакшы иштерди кабыл кылып, орозодон орозого чейин жалгасын», — деп айтылат куттуктоо катында.

Касым-Жомарт Токаев Садыр Жапаровго бакыт жана жооптуу ишмердүүлүгүнө ийгилик, ал эми  боордош Кыргызстандын ар бир үй-бүлөсүнө бакыт жана бакубатчылык каалады.

2022-жыл 2-май