Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Садыр Жапаров ЖККУга мүчө мамлекеттердин лидерлеринин жыйынына катышуу үчүн Москвага келди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 15-майда, Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө-мамлекеттердин башчыларынын жолугушуусуна катышуу үчүн Москвага келди.

Мамлекет башчынын учагы «Внуково 2» эл аралык аэропортуна конду.

ЖККУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын юбилейлик жыйыны 16-майда өтөт. Иш-чара Жамааттык коопсуздук келишиминин 30 жылдыгына жана ЖККУнун 20 жылдыгына арналган.

2022-жыл 15-май