Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Асел Чынбаева Сокулук районунда  ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн үй бүлөлүк типтеги үйдүн тарбиялануучуларын куттуктады

Кыргыз Республикасынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асел Чынбаева бүгүн, 1-июнда, балдардын укугун коргоонун эл аралык күнү

Чүй облусунун Сокулук районунда жайгашкан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн үй бүлөлүк типтеги үйгө барды.

Асел Чынбаева балдар биздин келечегибиз ошондуктан аларга көңүл буруу зарыл экенин белгиледи.

Мамлекет ар бир балада өлкөнү өнүктүрүү үчүн татыктуу билим алууга мүмкүнчүлүгү болушу керек.

Аны менен бирге Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Президент Садыр Жапаров өз ишинде приоритеттүү багыттардын бири катары балдарга кам көрүүнү коёрун белгиледи.

Белгилүү болгондой бүгүнтөн тартып социалдык жөлөкпулдар өлчөмү жогорулады.

Асел Чынбаева үй бүлөлүк типтеги балдар үйүнүн кызматкерлерине балдарга болгон камкордугу үчүн ыраазычылык билдирип, аларга күч-кубат каалады.

 

Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Асел Чынбаева балдардын жашоо шарттары менен таанышып, аларга белектерди тапшырды.

2022-жыл 1-июнь