Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Садыр Жапаров XXIV жайкы Сурдлимпиада оюндарына катышкан спортчулар менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 7-июнда, Бразилияда өткөн XXIV жайкы Сурдлимпиада оюндарына катышкан спортчулар менен жолугушту.

Мамлекет башчысы спортчуларды мелдештерге ийгиликтүү катышуусу менен куттуктап, жолугушуунун маанилүүлүгү бул кыргызстандык спортчулардын талыкпас эмгеги менен күчтүү рухуна таазим этүү деп түшүндүрдү.

Президент Кыргызстандын атын алыска таанытып, мамлекеттин кызыл байрагын желбиретип, даңазалаган ар бир иш өлкөнүн өнүгүшүнө дем болуп, ар бир мекендешибиздин Кыргызстандын жаркын келечегине болгон ишенимин бекемдей турганын белгиледи. 2022-жылдын 1–15-май күндөрү Бразилияда болуп өткөн XXIV Сурдлимпиада оюндарында Кыргызстан курама командасы 2 күмүш, 4 коло, жалпысы 6 медаль жеңип келишкен. Кыргызстандык спортчулар өлкө тарыхында сурдлимпиада спорту боюнча алгач ирет ушундай ийгиликтүү натыйжага жетишти.

“Тагдырдын жазмышына баш ийип отуруп албай, “өлкөмдүн өнүгүшүнө колумдан келген салымымды кошсом” деп тилек кылып, өжөрлөнө эмгектенип, көздөгөн максатына жете билүү – бул чоң эрдик. Мындай машакаттуу жолду басып өтүп, Бразилияда болуп өткөн маанилүү мелдешке катышып, жан-дили менен берилген машыгуулардын негизинде кызыл туубузду эл аралык майданда дагы бир жолу желбиреткен Кыргызстандын сурдолимпиада боюнча курама командасынын спортчуларына, аларды коштоп-колдоп, күн-түн дебей таптап барган машыктыруучуларга, спортчулардын саламаттыгына кам көргөн дарыгерлерге терең ыраазычылык билдирем”, - деп ыраазчылык билдирди Садыр Жапаров.

Президент мамлекеттик бюджеттен XXIV Сурдлимпидага даярдануу максатында окуу-машыгууларына 1,5 миллион сом жана эл аралык мелдешке катышууга 8 миллион сом каралганын эске салды. Өлкө бюджетинин чакандыгына карабай, бул багыттагы спортту колдон келишинче колдоп, каражат бөлүп жаткандыгын туура түшүнгөн спортчуларыбыз көкүрөгүндө “Мекен үчүн” деп уялаган бийик намыс менен алдыңкы орундарды камсыз кылууга умтулуп, акыры жалпы республика сыймыктана турган ийгиликтерди жарата алышты.

Садыр Жапаров дзюдочу Ильгиз Каналбек уулунун жетишкендигин белгиледи. Ал жаракатына карабастан, коло байгени багынтканы көпчүлүк жаштарга сабак болор мыкты өрнөк болду. Ошондой эле, таэквондо боюнча Азамат Мавлоновдун күмүш, Бермет Марсбекованын коло байгелерди багынтып, ал эми Гүлжан Жаналиеванын 5-орун алганы кыргыз спортуна жана анын күйөрмандарынын демине дем, күчүнө күч кошту. Алмазбек Исаковдун эркин күрөш боюнча күмүш медалга ээ болуп, Смадияр Жумакадыров менен Миляс Марковдун грек-рим күрөш боюнча коло байгени багындырышын кыргыз эли үчүн эбегейсиз жетишкендиктердин катарына тартынбай туруп кошо алабыз.

Мындай ийгиликтерге кубануу, сыймыктануу менен бирге, Мамлекет башчысы Кыргыз Республикасынын дене тарбия жана спорт жөнүндө мыйзамдарына түзөтүүлөрдү киргизүү зарыл экендигине көңүл бурду.

Паралимпиадалык жана сурдолимпиадалык спорт түрлөрүн Олимпиадалык спортко теңештирүү зарыл. Бир жолку берилүүчү акчалай сыйлыктар менен бирдиктүү стипендиялык бюджетке спорттун дал ушул паралимпиада жана сурдлимпиада түрлөрүн киргизүү керек.

Буга байланыштуу, Президент бул маселелерди дыкат иликтеп, тиешелүү мыйзамдарга толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча конкреттүү сунуштарды киргизүүнү Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт департаментине тапшырды.

Ал спортчулардын эл аралык мелдештерде желегибиз менен элибиздин ариетин бийик кармап, намыска жарап бергенин белгилеп, аларды ар тараптан колдоого алуу зарылдыгын белгиледи.

Мамлекет башчысы машыктыруучуларга ыраазчылык билдирип, жаш муундардын мекенчил болуп тарбияланып өсүүсүндөгү жана ден соолук булагы болгон спортту даңазалоодогу эмгегин өзгөчө белгиледи.

Өз кезегинде машыктыруучулар буга чейин эч ким тарабынан көрсөтүлбөгөн колдоо жана жеке көңүл буруу үчүн Президентке ыраазычылык билдиришти. Алар эл аралык өкүлчүлүктүү мелдештерде өлкөнүн намысын татыктуу коргоо үчүн мындан ары да талыкпай эмгектенишет.

Жолугушууда Президент Садыр Жапаров XXIV жайкы сурдлимпиада оюндарында ийгиликтерге жетишкендиги, Кыргыз Республикасынын Сурдлимпиада боюнча улуттук курама командасынын спортчуларын тарбиялоого кошкон зор салымы үчүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарын, акчалай сертификаттарды жана эстеликке белектерди тапшырды.

2022-жыл 7-июнь