Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Садыр Жапаров: “Камбарата-1” ГЭСинин долбоорун ишке ашыруу биздин парзыбыз жана келечек муундарыбыздын астындагы милдетибиз

“Камбарата-1” ГЭСинин долбоорун ишке ашыруу биздин парзыбыз жана келечек муундарыбыздын астындагы милдетибиз”, - деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 8-июнда, Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда

“Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулушун баштоо боюнча салтанаттуу аземде.

Мамлекет башчысынын иш-чарадагы сөзү:

“Урматтуу кыргыз элим!

Кымбаттуу гидрокуруучулар!

Сиздерди биздин өлкө үчүн бүгүнкү кубанычтуу окуя – “Камбарата-1” ГЭСинин негизги курулушуна даярдык көрүү иштерин баштоо аземи менен чын дилимден куттуктайм!

Бүгүн биз өлкөбүздүн энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуучу Орто Азия аймагындагы эң ири гидроэлектростанциянын биринин курулуш ишин баштап жатабыз!

Энергетика – мамлекеттин бүткүл экономикасы үчүн стратегиялык жактан зор мааниге ээ болгон тармак экенин, ал экономикабызды көтөрүүнүн, туруктуу өнүктүрүүнүн өзөгүнө айлангандыгын бир нече ирет баса белгилеп айтып келем.

Дүйнө жүзүндөгү санариптешүү мезгилинде – электромобилдерден, жеке үйлөрдөн тартып бүтүндөй шаарларга чейин акылдуу технологиялардын арымы күчөп жаткан маалда электр кубатынын ролу канчалык зарыл экени жалпыга маалым.

Суу тартыштыгы жыл сайын күч алып, суунун мындан ары көбөйбөй тургандыгын окумуштуулар, эл аралык изилдөөчү уюмдар божомолдоп айтып келе жатышат. Чындыгында эле ааламдашуунун шары менен өлкөдө электр кубатына болгон муктаждык барган сайын өсүүдө. 30 жыл мурда биз электроэнергиясын экспорттоп келсек, бугүнкү күндө импорттоп келебиз. Камбар-Ата 2 ГЭСин эске албаганда 30 жыл ичинде ГЭС курулган эмес.

Мына ошондуктан кубаттуулукту көбөйтүү милдети курч турат. Суу башында туруп электроэнергияны импорттогон биз үчүн уят иш. Бул жагынан алганда биз Кудай берген ырыскыбызды – Кыргызстандагы электр кубатын өндүрүү мүмкүнчүлүктөрү туура пайдаланып, элибизге туура жеткирүүгө милдеттүүбүз.

Мына ошондуктан, энергетика чөйрөсүндөгү көйгөйлөрдү Коопсуздук кеңешинин жыйындарына алып чыгып, суу-энергетика маселелери талдоого алынып келе жатат. Мамлекет жетекчилиги энергетикалык коопсуздукка жетишүүнүн стратегиялык маанисин эске алуу менен алдыга коюлган милдеттердин, тапшырмалардын аткарылышын тыкыр көзөмөлдөөдө.

Өзүңүздөр билесиздер, буга чейин бизде чакан жана ири гидроэлектростанцияларды куруу мүмкүнчүлүктөрү болуп турса дагы, андай мүмкүнчүлүктөргө маани берилбей, маани берилсе дагы туура нукта пайдаланылбай келген. 

Эми өлкөбүздүн экономикасынын ишенимдүү тиреги болгон мөңгүлөр менен ири дарыяларыбызды энергетика жаатында артыкчылык катары туура пайдаланууну, Кыргызстанды электр кубаты менен эч көйгөйсүз толук камсыз кылууну жана экспорттоо потенциалын өнүктүрүүнү колго алабыз.

Урматтуу мекендештер!

Кыргыз энергетикасынын келечектеги флагманы “Камбарата-1” ГЭСинин экономикалык көрсөткүчтөрү республикалык масштабга ээ.

“Камбар-Ата-2” ГЭСин кошпогондо Кыргызстандагы энергетика булактарынын баары өткөн кылымдын 60-70 жылдары курулганы белгилүү. Бүгүнкү күндө биз жалгыз эле Токтогул суу сактагычын карап отурабыз. Акыркы он жылдан бери, өзгөчө кыш мезгилинде электр кубаты көп колдонулган учурда “Токтогул суу сактагычынында мынча көлөмдө суу колдонулду, мынчасы калды” деп санааркап отуруп кыштан чыгып келебиз.

Буюрса, “Камбар-Ата-1” ГЭСинин ишке киргизип алсак, “Камбар-Ата-2” ГЭСинин толук кубаттуулукта иштешине мүмкүнчүлүк түзөбүз. Андагы экинчи жана үчүнчү агрегатты пайдалана баштасак, “Камбар-Ата-2” ГЭСинин жалпы кубаттуулугу артат. Жыйынтыгында бул эки маанилүү ГЭСибизди толук иштетип, кубаттуулугу 1000 мегаватт өндүрүүгө жетишебиз. Бул көлөм азыркы Токтогул ГЭСинде өндүрүлүп жаткан электр энергиясына барабар болот.

“Камбар-Ата-1” иштеп калса, Кыргызстанга да, Борбор Азияга да пайдалуу болот. Бардыгыңыздарга белгилүү болгондой, “Камбарата-1” ГЭСинин курулушу кошуна өлкөлөрдүн сугат суу маселелерин чечүүгө өбөлгө түзөт жана аймактагы суу-энергетикалык балансты стабилдештирүүгө салым кошот.

Ошондой эле, дээрлик жай мезгилинде иштелип чыккан энергияны “CASA-1000” долбоору аркылуу алыскы өлкөлөргө да импорттоого шарт түзөт.

Тактап айтканда, “Камбар-Ата-1” ГЭСинде жылына 5,6 млрд кВт/саат электр энергиясын өндүрүү күтүлүүдө жана өндүрүлгөн электр энергиясынын ар бир кВт/саатын “CASA-1000” долбоору аркылуу 5,15 АКШ центине сатуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болобуз.

Бул жагдай Кыргызстандын экономикасына чоң салым алып келет жана өлкөбүзгө түшүүчү жылдык таза пайда 234 млн. АКШ долларын түзөт.

Ошентип, биз үчүн финансылык пайда болсо, экологиянын зыянга учурабагандыгын эске алганда “Камбарата-1” ГЭСи биздин мамлекет үчүн өтө маанилүү стратегиялык долбоор экени анык!

Кадырлуу кыргызстандыктар!

Урпактарыбызга жаркын келечекти түзүү максатында, “Камбарата-1” ГЭСинин долбоорун ишке ашыруу биздин парзыбыз жана келечек муундарыбыздын астындагы милдеттерибиздин бири катары кабылдап, Кудай буюрса деп ГЭСтин негизги курулушуна даярдык көрүү иштерине киришип олтурабыз.

Ушул убакка чейинки жүргүзүлгөн изилдөө, техникалык-экономикалык негиздөө жана башка жумуштардын аткарылышына өз каражатыбыздын эсебинен 412,8 млн сом бөлүнүп берилген.

Бүгүнкү күндө “Камбарата-1” ГЭСинин негизги курулушуна даярдык көрүү иштерин өз күчүбүз менен баштоо максатында республикабыздын бюджетин кайрадан карап чыгып, бюджеттен тиешелүү суммадагы (болжолдуу сумма - 1,5млрд сом) акча каражатын бөлүүнү чечтик. Бөлүнгөн каражат ГЭС курула турган аянтка баруу үчүн транспорттук тоннель, Нарын дарыясынын эки жээгин бириктире турган көпүрө, жогорку чыңалуудагы электр чубалгыларын, автожолдорду жана жумушчулар жашай турган шаарча курууга жумшалат.

Даярдык көрүү иштеринин аткарылышы негизги курулуш иштерин жүргүзүү аянтына болгон инвесторлордун, өнөктөштөрдүн кызыгуусун арттырат. Учурдан пайдаланып кызыкдар өнөктөштөрдү бул долбоорду ишке ашырууда кызматташууга даяр экенибизди билдирип кетким келет.

Учурда кошуна Казакстан менен Өзбекстан инвестиция салууга даяр экендигин билдиришти.

Урматтуу мекендештер чындыгында биз Нарын дарыясынын болгону 10 %  сугат суу катары колдонобуз. Калганын кошуна өлкөлөр колдонушат. Алар инвестиция салып, салым кошушса биз кубануу менен кабыл алабыз.

Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, учурда дүйнө жүзүндө экология көйгөйлөрү абдан курч маселелердин бирине айланды. Ошондуктан экологияга терс таасирин тийгизген электр энергия булактарын азайтып, гидроэнергетиканын өсүшүнө басым жасашыбыз керек!

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын гидропотенциалынын 10-11 пайызы гана колдонуп жатабыз. Келечекте “Камбарата-1” ГЭСинин курулушу менен гана чектелбестен, Суусамыр-Көкөмерен, Сары-Жаз, Казарман, Жогорку Нарын ГЭСтеринин каскады сыяктуу ГЭСтерди куруу иштерин жүргүзүүбүз зарыл.

Ошондо гана жараткан бизге берген гидропотенциалдын мүмкүнчүлүгүн толук колдоно алабыз.

Урматтуу агайын-туугандар!

Элибиздеги «Эл башы болгуча - суу башы бол!» деген накыл кептегидей, суунун башатында туруп “Камбарата-1” ГЭСинин куруу иштерин, экономикалык кыйынчылыктарга карабастан, баштоонун мезгили келип жетти.

Бул долбоорду улуттук долбоор катары таанып, “Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып”, бардыгыбыз жапа тырмак киришип, колубуздан келген салымды кошууга чакырам!

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине, Министрлер Кабинетине, жергиликтүү бийлик башчыларына жана бардык тийиштүү органдарга долбоордун ишке ашуусуна тиешелүү көмөк көрсөтүүңүздөрдү суранам! “Ынтымагы бар элдин, ырыскысы мол болот” деп ата сөзүндө айтылгандай, ынтымагыбыз бекем болсо, жакшылыкка жетебиз.

Кудай буюрса, “Камбарата-1” ГЭСинин долбоорун ишке ашырсак, бул иш Кыргызстандын көз карандысыздыгына биздин кошо турган чоң салымыбыз жана ири жетишкендигибиз болот!

Өлкөбүздүн өнүгүү темпинде маанилүү ролду ойной турган бул долбоорду ишке ашыруу менен элибиздин бакубат жашоосуна, мамлекетибиздин экономикасын жакшыртууга чоң өбөлгө түзүлөт деген бекем ишеничибиз бар!

Көңүл бурганыңыздар үчүн чоң рахмат!”.

2022-жыл 8-июнь