Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Садыр Жапаров: Бүгүн биз өлкөбүздүн энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуучу Орто Азия аймагындагы эң ири гидроэлектростанциянын биринин курулуш ишин баштап жатабыз!

“Бүгүн биз өлкөбүздүн энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуучу Орто Азия аймагындагы эң ири гидроэлектростанциянын биринин курулуш ишин баштап жатабыз!”,- деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 8-июнда, Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда “Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулушун баштоо боюнча салтанаттуу аземде.

Мамлекет башчысы энергетика – мамлекеттин бүткүл экономикасы үчүн стратегиялык жактан зор мааниге ээ болгон тармак экенин, ал экономикабызды көтөрүүнүн, туруктуу өнүктүрүүнүн өзөгүнө айлангандыгын белгиледи.

Дүйнө жүзүндөгү санариптешүү мезгилинде – электромобилдерден, жеке үйлөрдөн тартып бүтүндөй шаарларга чейин акылдуу технологиялардын арымы күчөп жаткан маалда электр кубатынын ролу канчалык зарыл экени жалпыга маалым.

“Суу тартыштыгы жыл сайын күч алып, суунун мындан ары көбөйбөй тургандыгын окумуштуулар, эл аралык изилдөөчү уюмдар божомолдоп айтып келе жатышат. Чындыгында эле ааламдашуунун шары менен өлкөдө электр кубатына болгон муктаждык барган сайын өсүүдө. 30 жыл мурда биз электроэнергиясын экспорттоп келсек, бугүнкү күндө импорттоп келебиз. Камбар-Ата 2 ГЭСин эске албаганда 30 жыл ичинде ГЭС курулган эмес. Мына ошондуктан кубаттуулукту көбөйтүү милдети курч турат. Суу башында туруп электроэнергияны импорттогон биз үчүн уят иш. Бул жагынан алганда биз Кудай берген ырыскыбызды – Кыргызстандагы электр кубатын өндүрүү мүмкүнчүлүктөрү туура пайдаланып, элибизге туура жеткирүүгө милдеттүүбүз”, - деп белгиледи Садыр Жапаров.

Президент энергетика чөйрөсүндөгү көйгөйлөр Коопсуздук кеңешинин жыйындарында суу-энергетика маселелер талдоого алынып келе жатканын кошумчалады. Мамлекет жетекчилиги энергетикалык коопсуздукка жетишүүнүн стратегиялык маанисин эске алуу менен алдыга коюлган милдеттердин, тапшырмалардын аткарылышын тыкыр көзөмөлдөөдө.

Мамлекет башчысы белгилегендей, буга чейин чакан жана ири гидроэлектростанцияларды куруу мүмкүнчүлүктөрү болуп турса дагы, андай мүмкүнчүлүктөргө маани берилбей, маани берилсе дагы туура нукта пайдаланылбай келген.

“Эми өлкөбүздүн экономикасынын ишенимдүү тиреги болгон мөңгүлөр менен ири дарыяларыбызды энергетика жаатында артыкчылык катары туура пайдаланууну, Кыргызстанды электр кубаты менен эч көйгөйсүз толук камсыз кылууну жана экспорттоо потенциалын өнүктүрүүнү колго алабыз”, деп белгиледи Президент Садыр Жапаров.

 

2022-жыл 8-июнь