Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Улуу Британиянын Премьер-министри Борис Жонсон КР менен Улуу Британиянын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгына байланыштуу Президент Садыр Жапаровго куттуктоо катын жолдоду

Улуу Британия жана Түндүк Ирландиянын Бириккен Королдугунун Премьер-министри Борис Жонсон Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровго эки өлкөнүн дипломатиялык мамилелеринин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына байланыштуу куттуктоо катын жолдоду.

 «Акыркы 30 жылдын ичинде Улуу Британия менен Кыргыз Республикасы достукка жана түшүнүүгө негизделген маанилүү өнөктөштүктү өнүктүрүү үчүн бирге иштешти. Бүгүнкү күндө бул кызматташтык коопсуздук жана коргонуу, экономикалык жана адамдык өнүгүү, соода жана маданият тармактарын камтыганына абдан кубанычтамын», — деп айтылат куттуктоодо.

2022-жыл 12-июнь