Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Москвадагы Борбордук клиникалык ооруканада дарылануусун улантууда

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Россия Федерациясынын Президентинин Иш башкармасына караштуу Москва шаарындагы Борбордук клиникалык ооруканада дарылануусун улантууда.

Мурда кабарлангандай, Мамлекет башчысы мурда анын жүрөк оорусун изилдеген жана дарылаган Москвадагы Борбордук клиникалык оорукананын адистеринин кароосу алдында дарыланып жатат. Жүрөк аритмиясын дарылоого Россия медицина илимдери Академиясынын академиги, профессор А.Ш. Ревишвили катышууда. Азыр жүрөк аритмиясына байланыштуу проблемалар толук жоюлду.

Мындан тышкары, 2008-жылы ууландырылгандан кийин Президент Түркияда ашказанын дарылаткан эле. Бул жолу да профилактикалык максатта Борбордук клиникалык оорукананын дарыгерлери Мамлекет башчысынын ашказанын изилдөө жүргүзүштү.

Дарыгерлер Алмазбек Атамбаевдин абалы кыйла жакшырганын белгилешти. Алардын корутундусу боюнча, Президенттин абалы канааттандырарлык жана ушул жуманын аягында ооруканадан чыкса болот.

Москвалык адистер менен бирге Президентти дарылоого Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөттүн Иш башкармасына караштуу Клиникалык оорукананын башкы дарыгеринин орун басары, медицина илимдеринин доктору, кардиолог Гүлмира Баитова да катышып жатат.

2016-жыл 27-сентябрь