Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Азербайжан Президенти Ильхам Алиевди туулган күнү менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиевди туулган күнү менен куттуктады.

«Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө Сиздин жеке салымыңызды Кыргызстан эли жогору баалайт.

Сиздин мамлекеттин иштеги профессионализм жана бай тажрыйбаӊыз Азербайжандын мындан ары гүлдөп өсүшүнө жана анын эл аралык кадыр-баркынын артышына өбөлгө болот», - деп айтылат Мамлекет башчысынын куттуктоо телеграммасында.

Президент Алмазбек Атамбаев Президент Ильхам Алиевге бардык жакшылыкты – бакыт, ден соолук жана байгерчилик каалады.

2016-жыл 24-декабрь