Президент Алмазбек Атамбаев Улуттук онкология жана гематология борборунда оңдоо-курулуш иштерин аяктоого 70 000 000 сом бөлдү

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кол койгон буйрукка ылайык Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Улуттук онкология жана гематология борборунда оңдоо-курулуш иштерин аяктоого Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине финансылык колдоо көрсөтүү үчүн Президенттик социалдык коргоо жана колдоо фондунан 70 000 000 (жетимиш миллион) сом бөлүндү. 

2-сентябрь, 2017-жыл
Басып чыгаруу