Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Сооронбай Жээнбеков Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаев менен телефон аркылуу сүйлөштү

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаев менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашырууну талкуулашты.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки мамлекеттин Президенттери Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагында өз ара кызматташууну бекемдөө маселелерин  дагы талкуулады.

2018-жыл 5-май