Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргызстандын шахмат боюнча курама командасына материалдык жардам көрсөтүлдү

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кол койгон буйрукка ылайык 2014-жылдын 17-26-октябрында Россия Федерациясынын Санкт-Петербург шаарында өткөрүлө турган эркектер арасында Россиянын Кубогунун этабы - «М.И. Чигориндин мемориалы» шахмат боюнча эл аралык турнирине катышуучу Кыргыз Республикасынын шахмат боюнча курама командасынын чыгымдарын жабуу үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин резервдик фондунан 337 800 (үч жүз отуз жети миң сегиз жүз) сом бөлүндү.

2014-жыл 10-октябрь