Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнүн башчысы Гүлнара Жунушалиеваны кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 21-июнда, Онкология улуттук борборунун балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнүн башчысы Гүлнара Жунушалиеваны кабыл алды.

Гүлнара Жунушалиева Мамлекет башчысына онкология кызматын реформалоодо балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмү туш болуп жаткан кыйынчылыктар тууралуу айтып берди.  Биринчи кезекте ал кыйынчылыктар медикаменттер менен дарыгерлердин жетишпегендигине, ошондой эле балдарды дарылоону мындан ары жакшыртуунун зарылдыгына байланыштуу.

Президент Алмазбек Атамбаев мамлекет атамекендик медицинаны колдоону жакшыртып, оор дартка чалдыккан балдарды дарылоо үчүн зарыл шарттарды түзүшү керек экендигин белгиледи.

Мамлекет башчысы Онкология улуттук борборунун балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнүн башчысы Гүлнара Жунушалиевага Онкология улуттук борборунун балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүн финансылык колдоо иретинде жана медикаменттерди сатып алуу үчүн  2 000 000 (эки миллион) сомдук сертификатты тапшырды.

Маалымат иретинде: Кийинки 3 жыл ичинде Онкология улуттук борборунун балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө Президенттик социалдык коргоо жана колдоо фондунун эсебинен жалпы суммасы 6 100 000 (алты миллион жүз миң) сомго барабар материалдык жардам көрсөтүлдү.

2016-жыл 21-июнь