Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Аскер кызматчыларынын жана окуу менен атайын жыйындарга чакырылган аскерге милдеттүүлөрдүн жана аларга теңештирилген адамдардын өмүрүн жана саламаттыгын милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу жөнүндө» Мыйзамга өзгөртүү киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Аскер кызматчыларынын жана окуу менен атайын жыйындарга чакырылган аскерге милдеттүүлөрдүн жана аларга теңештирилген адамдардын өмүрүн жана саламаттыгын милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши тарабынан 2016-жылдын 1-июнунда кабыл алынган.

Кабыл алынган Мыйзамга ылайык, аракеттеги Мыйзамдын 4-статьянын 2 пункту төмөнкүдөй мазмундагы онунчу абзац менен толукталды:  «Эгерде аскердик кызматтан бошотулгандан кийин, аскердик жыйындар аяктагандан кийин бир жыл бүткөнгө чейин камсыздандырылган адамга ушул пунктта көрсөтүлгөн себептердин кесепетинен майыптуулук белгиленсе, андан кийин камсыздандырылган адам курман болсо (өлсө), ошол эле мезгилде камсыздандыруу суммасынын өлчөмү ушул Мыйзамда каралган курман болгондугу (өлгөндүгү) боюнча тиешелүү болгон маяналардын саны менен жана майыптуулук боюнча тиешелүү болгон маяналардын санынын ортосундагы айрыманы түзгөн суммага көбөйөт».

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 9-декабрындагы №86-VI токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыккан.

2016-жыл 13-июль