Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Башкырстан Республикасынын башчысы Рустэм Хамитов менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 20-июлда, Чолпон-Ата шаарындагы мамлекеттик резиденциясында “Алтай цивилизациясы жана Алтай тектүү элдер” эл аралык форумуна катышуу үчүн Кыргызстанга жумушчу сапар менен келген Россия Федерациясынын Башкырстан Республикасынын башчысы Рустэм Хамитов менен жолугушту
Алмазбек Атамбаев мейманды жылуу кабыл алып, кайрадан жолугушуп жаткандыгына кубанычта экендигин белгиледи. Мамлекет башчысы Рустэм Хамитовго форумга катышып жаткандыгына ыраазычылык билдирди.
“ Мен Сизге жана сиздин делегацияңызга Кыргызстанга алтай цивилизациясы форумуна катышуу үчүн атайын келип, катышып жаткандыгыңыз үчүн ыраазымын. Менимче бул биригүүгө, достукка алып барчу жакшы жол”,- деди Алмазбек Атамбаев.
Рустэм Хамитов өз кезегинде форумга катышууга чакырып, иштиктүү, илимий-практикалык ишмердиктин форматында жолугушуу мүмкүнчүлүгүн тартуулагандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. “Мен бүгүн Сиз өтө чоң теманы, кылымдардын калың катмарын көтөрүп жатасыз деп чын дилимден айткан элем. Өз көз карашыңызды кеңири түшүндүрүп, элдерибизди жакындаштыруунун, жарандарыбыздын тил, маданий чөйрөсүндө өз ара кызматташуусунун жолу менен алдыга жыла бериш керек. Сизге чоң рахмат. Биз Уфада биздин сиздерге жасаган сапарыбызды, Сиздин Россияга жасаган мамлекеттик сапарыңызды дайыма эстейбиз. Мунун баары бизди көп кылымдар бою калыптанган – чыныгы, формалдуу эмес, ойлоп табылбаган байланыш бар экендигин далилдеп турат”,-деди Башкырстандын башчысы.
“Ушул өңдүү иштер, албетте, тыгыз кызматташууну талап кылат. Илимпоздорубузга чоң рахмат. Алар эми ушул теманы активдүү иштеп, тереңдетип изилдей баштайт”,-деди Рустэм Хамитов.
Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Башкырстандын ортосунда кызматташууну мындан ары тереңдетүү маселелери талкууланды.

2017-жыл 20-июль