Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Кыргыз Республикасынын айрым чек ара аймактарына өзгөчө статус берүү жана аларды өнүктүрүү жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын айрым чек ара аймактарына өзгөчө статус берүү жана аларды өнүктүрүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2017-жылдын 22-июнунда кабыл алынган. Мыйзам Кыргыз Республикасынын өзгөчө статусу бар айрым чек ара аймактарынын тизмегине калктуу конуштарды киргизүүнүн критерийлерин аныктоого багытталган.

Кабыл алынган мыйзамда Кыргыз Республикасынын өзгөчө статуска ээ болгон айрым чек ара аймактарынын тизмегине чек ара аймактарында жайгашкан төмөнкү калктуу конуштар киргизилет:

- социалдык-экономикалык өнүгүүсү төмөн, калктын жашоо деңгээлинин төмөндүгүнүн жана элдин агылып кетишинин кесепетинен кырдаал туруктуу эмес болгон;
- табыгий-климаттык шарттары оор, өздөштүрүлүүсү начар жана аймактын негизги бөлүгүнө жетүү кыйын болгон;
- Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугуна коркунуч келип чыгуу тобокелдиги, алардын кесепеттери негизги улуттук кызыкчылыктарга олуттуу зыян келтирилиши жана Кыргыз Республикасынын конституциялык түзүлүшүнө, аймактык бүтүндүгүнө жана эгемендигине түздөн-түз таасир этиши мүмкүн болгон.
Кыргыз Республикасынын өзгөчө статуска ээ болгон айрым чек ара аймактарынын тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет. Кыргыз Республикасынын өзгөчө статуска ээ болгон айрым чек ара аймактарынын тизмегине жогоруда көрсөтүлгөн критерийлердин бардыгына ылайык келген калктуу конуштар киргизилет.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2017-жыл 21-июль