Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2017-жылдын 22-июнунда кабыл алынган.
Бул мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан Конституциялык палатанын актылары менен шайкеш келтирүүгө багытталган ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу жол жоболорун регламенттөө жана жөнөкөйлөштүрүү максатында кабыл алынган.
Кабыл алынган мыйзамда төмөндөгүлөр каралган:
- Конституциялык палатанын чечиминен келип чыгуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуусуз эле демилгелөө;
- Конституциялык палатанын чечиминен келип чыгуучу Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан демилгеленген мыйзамдардын долбоорлоруна корутунду берүү үчүн Өкмөткө жөнөтүү;
- Конституциялык палатанын чечиминен келип чыгуучу мыйзамдардын долбоорлорун Жогорку Кеңеш тарабынан бир эле мезгилде үч окуудан өткөрүү мүмкүнчүлүгү;
- Конституциялык палатанын чечиминен келип чыгуучу мыйзамдардын долбоорлору Жогорку Кеңеш тарабынан кезексиз тартипте кароо.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2017-жыл 21-июль