Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Тугелбай Казаков Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министринин кызматынан бошотулду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Т.Т.Казаков жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Жарлыкта Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 87-беренесинин  1-бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 24-беренесинин 4-1-бөлүгүнө ылайык токтом кылынат:

Казаков Тугелбай Токтогуловичтин отставкасы кабыл алынсын жана Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министринин кызматынан бошотулсун.

Жарлык кол коюлган учурдан баштап күчүнө кирет.

2017-жыл 28-октябрь