Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент кар көчкүнүн кесепетинен каза болгон балдардын үй-бүлөлөрүнө материалдык жардам көрсөттү

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кол койгон буйрукка ылайык, Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Ылай-Талаа айылында 2012-жылдын 22-декабрында кар көчкүсүнүн  кесепетинен бойго жете элек кыздардын – 1997-жылы туулган Жеңишбек кызы Тахминанын жана 1997-жылы туулган Замирбек кызы Дилбардын каза болгондугуна байланыштуу, курман болгон кыздардын үй-бүлөсүнө материалдык жардам көрсөтүү максатында Президенттик социалдык жактан коргоо жана колдоо фондунан 50 000 (элүү миң) сом бөлүндү.

2012-жыл 29-декабрь