Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Салык боюнча айрым мыйзам актыларына толуктоолор киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Бул мыйзамды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 2012-жылдын 13-декабрында кабыл алган.

Ал КР Салык кодексинин 319-беренесин жана “Кыргыз Республикасынын Салык кодексин ишке киргизүү  жөнүндө» мыйзамдын 6-беренесин уюлдук байланыш чөйрөсүндөгү ишмердик үчүн сатуудан салыктын 5% өлчөмүндөгү ставкасын белгилеген норма менен толуктайт. 

Мыйзам кийинки салык мезгилинин биринчи күнүнөн тартып, расмий жарыяланган күндөн 2 айдан эрте эмес күчүнө кирет.

2012-жыл 31-декабрь