Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Айрым судьялардын ыйгарым укуктары узартылды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын ыйгарым укуктарын узартуу жөнүндө” Жарлыктарга кол койду.

Жарлыктарга ылайык, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун төмөнкү судьяларынын ыйгарым укуктары 2012-жылдын 26-декабрынан тартып алардын ээлеген кызмат орундары Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык ээленгенге чейин узартылды:

- Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы - Алиев Авчи Мустафаевич;

- Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясы - Гилязетдинова Инара Ильгизовна;

- Чүй облусунун  Сокулук райондук сотунун судьясы - Зулушев Курманкул Токторалыевич;

- Жалал-Абад облустук сотунун судьясы - Маматов Атамбек Омарович;

- Бишкек шаардык сотунун судьясы - Мулюкбаева Диляра Абдрахмановна;

- Талас облусунун Кара-Буура райондук сотунун судьясы - Мусуралиева Аида Султангазиевна;

- Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз райондук сотунун судьясы - Намазбеков Талантбек Намазбекович;

-  Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы - Орозова Дамира Токтоналиевна;

- Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы  - Рыспекова Аниса Рыспековна;

- Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясы  - Садыков Калыбек Каратаевич;

- Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясы - Садыкова Гүлмира Сартовна;

- Баткен облусунун Кадамжай райондук сотунун судьясы  - Салиев Лутфулла Джумашевич;

- Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаардык сотунун судьясы - Сулайманова Эльмира Миталовна;

- Чүй облусунун Токмок шаардык сотунун судьясы - Султанов Алмаз Кушчубаевич;

- Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаардык сотунун судьясы - Шамшиев Абдрасул Абдрахманович;

- Чүй облусунун Москва райондук сотунун судьясы - Эрмаматова Сюита Эрмаматовна.

Жарлыктар кол коюлган күндөн – 2012-жылдын 27-декабрынан тартып күчүнө кирет.

2012-жыл 31-декабрь