Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

2012-жылга республикалык бюджетке өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын 2012-жылга республикалык бюджети жана 2013-2014-жылдарга божомолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамга кол койду.

Бул мыйзамды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 2012-жылдын 13-декабрында кабыл алган.

Мыйзам менен киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, Кыргыз Республикасынын 2012-жылга республикалык бюджетинин кирешелери 79,9 млрд. сомду (мурда бекитилген көрсөткүчтөн 1,7 млрд. сомго аз) жана чыгашалары 101,5 млрд. сом сумманы (чыгашалар боюнча мурда бекитилген көрсөткүчтөн 3,2 млрд. сомго аз) түзөт.

2012-жылга республикалык бюджеттин тартыштыгынын чектелген өлчөмү 21,6 млрд. сом суммасында (же мурда бекитилген көрсөткүчтөн 1,5 млрд. сомго аз) белгиленген.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

2013-жыл 8-январь