Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Куралдар, аскердик техника, аскердик мүлктү, атайын техниканы жана атайын каражаттарды КНСтен (НДС) жана бажы төлөмдөрүнөн бошотуучу мыйзамга кол коюлду

Бүгүн, 2013-жылдын 10-январында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын бир катар мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду.

Бул мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан  2012-жылдын 20-декабрында кабыл алынган.

Кабыл алынган мыйзамга ылайык, ишмердиги КР мамлекеттик бюджетинен каржыланган мамлекеттик органдар жана уюмдар Кыргыз Республикасынын коргонуу жөндөмдүүлүгүн, улуттук коопсуздугун жана укук тартибин камсыз кылуу максатында Кыргызстанга импорттолуучу куралдар, аскердик техникалар, аскердик мүлк, атайын техникалар жана атайын каражаттар КНС төлөөдөн (НДС) жана бажы төлөмдөрүнөн бошотулат.

Мыйзам Салык кодексине (258-1 жаңы беренеси каралган) жана Бажы кодексине (178-берене 11-пунктча менен толукталган) тиешелүү толуктоолорду киргизет.

 

 

 

 

2013-жыл 10-январь