Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Улуттук банктын Башкармасынын мүчөлөрү дайындалды

Бүгүн, 2013-жылдын 10-январында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Башкармасынын мүчөлөрүн дайындоо жөнүндө буйруктарга кол койду.

Мамлекет башчысынын буйруктарына ылайык, Жусупов Тимур Жолчуевич жана Садыркулова Айжан Медетовна Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Башкармасынын мүчөсү кызматына дайындалышты.

Президенттин башка буйругу менен Цыплакова Лариса Николаевна Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Башкармасынын мүчөсү кызматынан бошотулду.

2013-жыл 10-январь