Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Салык кодексине толуктоолор киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолор киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзамды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 2012-жылдын 13-декабрында кабыл алган.

Ал КР Салык кодексинин 283-беренесин (Акциз салыгын төлөөчү) төмөнкү мазмундагы 3-бөлүк менен толуктайт: “Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн субъекттер иштетип берүүчү негизде акциздик товарларды чыгаруу бөлүгүндө акциз салыгын төлөөдөн бошотулган учурда, иштетип берүүчү сырьенун ээси акциз салыгынын салык төлөөчүсү болуп саналат.”  

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн эки ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Маалымат иретинде: Салык кодексинин 283-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык “акциз салыгынын төлөөчүсү болуп, эгерде бул Кодекстин ушул бөлүмүндө башкача каралбаса, Кыргыз Республикасынын аймагында анын ичинде иштетип берүүчү негизде акциздик товарларды чыгарууну жана/же Кыргыз Республикасынын аймагына акциздик товарларды импорттоочу субъект саналат”.

2012-жыл 27-декабрь