Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Мугалимдин статусу жөнүндө» Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Мугалимдин статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши тарабынан 2012-жылдын 13-декабрында кабыл алынган.

Мыйзамда «Мугалимдин статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболору Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамдарга ылайык келтирилип, пайдаланылган терминдер такталган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

2013-жыл 16-январь