Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Дене тарбия жана спорт жөнүндө» Мыйзамга толуктоо киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Дене тарбия жана спорт жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши тарабынан 2012-жылдын 13-декабрында кабыл алынган.

Мыйзам дене тарбия жана спорт мекемелеринин машыктыруучу-окутуучуларын социалдык жактан коргоону жакшыртууга багытталган.

Кол коюлган мыйзамда дене  тарбия жана спорт мекемелеринин машыктыруучу-окутуучуларына педагогикалык стажы үчүн кошумча акы төлөө тууралуу жобону «Дене тарбия жана спорт жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында бекитүү каралган. Азыркы учурда  жогоруда аталган кошумча акы машыктыруучу-окутуучуларга Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” мыйзамына ылайык эсептелет.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

2013-жыл 16-январь