Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Граждандык кодекске өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө» Мыйзамга кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2012-жылдын  13-декабрында кабыл алынган.

Мыйзам жер мамилелери чөйрөсүндө коррупциогендик факторолорду, ошондой эле сот жана башка ыйгарым укуктуу органдар тарабынан ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланууга жол бербөөгө багытталган.

Мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр уруксатсыз курулуш жасаган адамдын менчик укугун сот аркылуу мыйзамдаштырууга жол бербейт. Мындай ченем граждандык мыйзамдарда камтылган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

2013-жыл 17-январь