Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Чек ара кызматынын жетекчиси алмашты

Бүгүн, 2013-жылдын 18-январында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кол койгон Жарлыкка ылайык, Мамытов Токон Болотбекович Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы болуп дайындалды.

Мамлекет башчысынын буйругуна ылайык, Тиленов Закир Керимович Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басарынын - Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара аскерлеринин кол башчысынын кызматынан бошотулду.

2013-жыл 18-январь