Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы Консулдук конвенция ратификацияланды

Бүгүн, 2013-жылдын 21-январында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «2000-жылдын 27-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы Консулдук конвенцияны ратификациялоо тууралуу» Мыйзамга кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2012-жылдын 20-декабрында кабыл алынган.

Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ратификациялык грамоталарды алмашууну жүргүзүүгө тийиш.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

2013-жыл 21-январь