Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Мамлекеттик чек ара кызматында кадрдык өзгөртүүлөр жүргүзүлдү

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басарларын бошотуу жана дайындоо жөнүндө бир катар буйруктарга кол койду.

Буйруктарга ылайык:

Мамбеталиев Искендербек Султанович мурда ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары - Башкы штабынын зардалы болуп дайындалды;

- Дүйшөнбиев Раимберди Сейдакматович мурда ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды;

- Арстанбеков Акылбек Советбекович мурда ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды;

- Усубалиев Таалайбек Кадыркулович Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды;

- Байдулетов Наркул Сатыбалдиевич Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара аскерлеринин кол башчысынын орун басарынын кызматынан бошотулду.

 

2013-жыл 24-январь