Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жана чыгаруу жөнүндө жарлыктарга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жана Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгаруу жөнүндө жарлыктарга кол койду.  

Тактап айтканда, 925 адамдын (763 чоң киши жана 162 бала) Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө өтүнүчтөрү канааттандырылды. Алардын көпчүлүк бөлүгүн тарыхый мекенине кайтып келген этностук кыргыздар – Тажикстан Республикасынын (569 киши) жана Өзбекстан Республикасынын (261 киши) мурдагы жарандары түзөт.

Ошондой эле 33 адамдын (30 чоң киши жана 3 бала) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгаруу жөнүндө өтүнүчтөрү канааттандырылды.

Жарлыктардын тексттери менен ушул жерден таанышса болот >>>

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү

2013-жыл 4-февраль