Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө» Мыйзамга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Мыйзамга кол койду.

Бул мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2013-жылдын 19-январында кабыл алынган.

Мыйзамда эгерде депутаттын саясый көз караштары дал келбесе, эркин депутат катары калып, фракциянын курамына кирбей коюу укугу каралган. Ошондой эле башка саясый көз караштагы Жогорку Кеңештин депутаттары фракциянын ичинде же андан тышкары депутаттык топторго биригүүгө мүмкүнчүлүк берилет.

Бул мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү

2013-жыл 5-февраль