Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө» Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Бүгүн, 2013-жылдын 6-февралында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамга кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2013-жылдын 19-январында кабыл алынган.

Киргизилген өзгөртүүлөр колдонуудагы мыйзамдын ченемдерин КР Конституциясына шайкеш келтирүү максатында редакциялык мүнөзгө ээ. Ушуга байланыштуу «Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 40- жана 41-беренелерине конституциялык контролду ишке ашыра турган жогорку сот органы болуп саналган Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын аталышы боюнча өзгөртүүлөр киргизилди.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү

 

2013-жыл 6-февраль