Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Жергиликтүү соттордун айрым судьяларын кызматынан бошотуу жана ыйгарым укуктарын узартуу тууралуу жарлыктарга кол коюлду

Бүгүн, 2013-жылдын 11-февралында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев жергиликтүү соттордун айрым судьяларын кызматынан бошотуу жана айрымдарынын ыйгарым укуктарын узартуу тууралуу жарлыктарга кол койду.

Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку соттун судьялары болуп шайлангандыгына байланыштуу төмөнкүлөр 2013-жылдын 16-январынан тартып мөөнөтүнөн мурда кызматтарынан бошотулду:

- Базаралиева Анархан Мамбетовна;

- Батыралиев Болотбек Бакирович;

- Жумагулов Памирдин;

- Токбаева Айнаш Абдымановна.

Президенттин экинчи жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын негизинде төмөндөгү судьялардын ыйгарым укуктары узартылды:

- Балагазы кызы Аиданын;

- Архарова Кымбат Кадыровнанын;

-Токтосунов Эрланбек Сапарбековичтин.

Мамлекет башчысынын үчүнчү жарлыгына ылайык,  Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын ыйгарым укуктарынын узартылгандыгына байланыштуу төмөндөгүдөйтоктом кылынды:

1. Балагазы кызы Аиданын Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунун судьясынын кызмат ордун ээлеши 2013-жылдын
13-февралынан тартып улантылсын.

2. Төмөнкүлөрдүн кызмат ордун ээлеши 2013-жылдын
28-февралынан тартып улантылсын:

- Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы – Архарова Кымбат Кадыровнанын;

- Жалал-Абад облусунун Аксы райондук сотунун судьясы - Токтосунов Эрланбек Сапарбековичтин.

Бул жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү

2013-жыл 11-февраль