Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекске толуктоолор киргизилди

Бүгүн, 2013-жылдын 13-февралында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз РеспубликасынынАдминистрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолор киргизүү тууралуу»Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2013-жылдын 19-январында кабыл алынган.

Ал жарандардын эркин жүрүүгө укуктарын коргоону күчөтүүгө багытталган.

Кабыл алынган мыйзамда АЖжК 231-1 берене менен толукталган, анда төмөндөгүлөр каралган:

         - жеке жана (же) юридикалык жактардын жолду мыйзамсыз тосуусу, башкача айтканда, жарандардын эркин жүрүүгө укуктарын жана эркиндиктерин чектөөгө багытталган аракеттери,-

         жеке жактарга эсептешүү көрсөткүчүнүн отуз өлчөмүндө, юридикалык жактарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн беш жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

Ушул берененин биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракеттер тосмолоо буюмдарын орнотуу менен жасалганда,-

         жеке адамдарга эсептешүү көрсөткүчүнүн элүү өлчөмүндө, юридикалык  жактарга  - эсептешүү көрсөткүчүнүн жети жүз өлчөмүндө администрациялык  айып салууга алып келет.

Аталган  максатка жетүү үчүн мыйзамда төмөндөгүлөр каралган:

- райондук, шаардык соттордун судьяларына бул категориядагы иштерди кароого ыйгарым укук берүү. Судьялардын администрациялык укук бузуулар тууралуу иштерди кароо жана администрациялык  айыптарды белгилөө  боюнча ыйгарым укуктарын караган Кодекстин 508 беренесинин 1-бөлүгүнө өзгөртүүлөр киргизилген.

- ички ишкер органдарына жолду мыйзамсыз тоскондугу үчүн  администрациялык  укук бузуу тууралуу протокол түзүп жана 3 саттан ашпаган мөөнөткө администрациялык кармоо жүргүзүү укугун берүү.  Администрациялык жоопкерчилик тууралуу Кодекстин 556-1,564  беренелерине тиешелүү  өзгөртүүлөр киргизилет.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү

 

 

2013-жыл 13-февраль