Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Айрым мыйзам актыларына өзгөртүү жана толуктоолор киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2013-жылдын 19-январында кабыл алынган.

Мыйзам «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» жана «Мунай жана газ жөнүндө» Мыйзамдарга өзгөртүү жана толуктоолорду киргизет. Алар товарларга, жумушка жана кызмат көрсөтүүгө алдын ала төлөө тутумун киргизүү үчүн укуктук негизди орнотот жана алдын ала төлөө картасы менен электрондук эсептегич болгон учурда, же болбосо котракттын шарттарына ылайык газга алдын ала төлөө жолу менен газга алдын ала төлөө мүмкүндүгүн киргизүүнү карайт.

Ошондой эле керектөөчү эсептегичти сындырган учурлардан тышкары, заводдук бракты же сапатсыз орнотууну кошпогондо, турмуш-тиричилик керектөөчүлөрү үчүн эсептегичтер газ берүүчү тарабынан акысыз негизде орнотулаары каралат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү

 

 

 

 

 

2013-жыл 14-февраль