Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзамды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 2013-жылдын 19-январында кабыл алган.

Мыйзам “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо  жөнүндө” жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамдардын сессияларда анын жүйөлүү себептерсиз катышпагандыгы үчүн жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнөн мурда токтотулушуна каралган ченемдеринин карама-каршылыктарын четтетүүгө багытталган.

Алсак, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдын 3-беренесинде бир жыл ичинде жергиликтүү кеңештин сессияларына жүйөөлүү себепсиз дайыма катышпагандыгы үчүн жергиликтүү кеңештин депутаттары алардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен тиешелүү кеңештин депутатын чакыртып алуу жөнүндөгү маселени козгоого укуктуу деп көрсөтүлгөн.

Ошол эле учурда “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамдын 24-беренесинде жыл ичинде кеңештин сессияларына жүйөөлүү себептерсиз экиден ашуун катышпаганда депутаттык мандатты колдонуу токтотулушу мүмкүндүгү каралган.

Мындан тышкары “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо  жөнүндө” Мыйзамдын 52-беренесине ылайык жүйөлүү себептерсиз жергиликтүү кеңештин жыйналыштарына катары менен төрт жолу келбеши депутаттын мөөнөтүнөн мурда чыгып калуусу деп түшүнүлөт.

Кабыл алынган Мыйзам менен аталган мыйзамдардын ченемдерин бир түргө келтирип жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнөн мурда токтотулушуна жергиликтүү кеңештин сессияларына катары менен төрт жолу келбеши негиз болоору көрсөтүлгөн.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү

 

2013-жыл 15-февраль