Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Музейлер жана Музей фонду жөнүндө» Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын музейлери жана Музей фонду жөнүндө»Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Бул мыйзамды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 2013-жылдын 19-январында кабыл алган.

Мыйзам инвентаризациялоонун жыйынтыгы боюнча “Кыргыз Республикасынын музейлери жана Музей фонду жөнүндө”Кыргыз Республикасынын мыйзамынын жоболорун Кыргыз Республикасынын Конституциясына, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө”Конституциялык мыйзамына, Жарандык кодекске жана “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө” мыйзамга шайкеш келтирүү максатында кабыл алынган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү

 

 

 

 

 

2013-жыл 15-февраль