Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Басма иши жөнүндө» Мыйзамга өзгөртүү киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Басма  иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2013-жылдын 19-январында кабыл алынган.

Мыйзам «Басма иши жөнүндө» жана  «Документтердин милдеттүү нускасы жөнүндө» мыйзамдардын  басма сөздүн мамлекеттик архивин түзүү, басма сөздү эсепке алуу жана статистикасын жүргүзүү, библиографиялык сыпаттоо үчүн милдеттүү акысыз нускалардын санын аныктоочу жоболорунун карама-каршылыгын жоюу максатында кабыл алынган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү

 

2013-жыл 15-февраль