Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Транспорт жөнүндө» Мыйзамга толуктоо киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Транспорт  жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2013-жылдын 19-январында кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты - транспорттун ишин мамлекеттик жөнгө салууну жакшыртуу.

Мыйзамда  «Транспорт  жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-статьясына толуктоо киргизилген. Ага ылайык, башкалардын арасында сектордо парник газдарын ыргытуу көлөмүн азайтууну аныктоочу транспортту өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасы транспортту башкаруунун мамлекеттик органы тарабынан иштелип чыгат жана 5 жылда бир жолудан кем эмес Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бекитүүсүнө киргизилет.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү

 

2013-жыл 16-февраль